Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

Бажы биримдигине кирүүнүн "Жол картасы" талкууланат


29-апрелде Минск шаарында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча "Жол картасы" талкууланат. Ага Кыргызстандан өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев баштаган делегация катышат. Жыйында эки маселе талкууга алынат. Алар чечилсе "Жол картасы" кыргыз парламентинин кароосуна жиберилмекчи. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында билдирди. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG