Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Пакистанда бир үй-бүлөдөн жети адамды атып кетишти


Полиция өкүлүнүн “Азаттык” радиосуна 25-апрелде айтышынча, белгисиз куралчандар ага-инини, алардын карындашын жана 9 жаштагы жээнин, үч бөлөсүн атып кеткен. Үй-бүлөнүн жарадар болгон беш мүчөсү ооруканага жаткырылды. Кандуу окуя Пешавар шаарынын түндүгүндөгү Сваби районунда болду. Пакистандын түндүк- батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясынын башкы министри кандуу окуяны иликтөөнү буйруду.

XS
SM
MD
LG