Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Быйыл ажыга баруунун акысы 2400 доллар болот


Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Максат Токтомушев журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, быйыл ажылып сапарга каттоо 12-майда башталып, 12-июнда аяктайт. Кыргызстанга бул жолу квота 3685 кишиге берилди. Муфтийдин белгилөөсү боюнча, эгер ажыга барууну каалоочулардын саны көп болуп кетсе, чүчү кулак кармоо менен аныкталат.

Өткөн жылдары муфтият ажылыкты уюштурууда коррупцияга жол берди деген дооматтар айтылып, чет элдик жарандар Кыргызстанга бөлүнгөн квотанын эсебинен ажыга барган деген айыптоолор болгон. Кыргызстанда ажылык чыры жыл сайын орун алып, айрымдары соттук териштирүүгө жеткен учурлар болгон.

Былтыр ажылык баасы 2 300 доллар болгон. (ZB;ZKo)

XS
SM
MD
LG