25-апрелге караган түнү өлкө түндүгүндөгү Жаузжан провинциясындагы Шибарган шаарында селден кеминде 16 адам набыт болду. Айрым райондордо ондогон адамдар дайынсыз. Ал эми түндүк-батыштагы Бадгиз жана Герат провинцияларында селден бери дегенде 8 киши өлүп, ондогон адамдар жок экени кабарланды.
Жаузжан провинциясынын губернатор орун басары Абдул Рахман Махмудинин билдиришинче, Дарзаб районунда тогуз кыштак селден кыйрады. Суу каптаган аймактарда жабыркагандарды куткар ууга тик учактар жардамдашууда. Миңдеген адамдар коопсуз жайларга көчүрүлдү.
Бул Жаузжан провинциясында акыркы 30 жылда болгон эң кубатуу суу ташкын экени айтылууда.