Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Биометрикалык маалымат чогултууга каражат бөлүндү


Алгачкы 1-этап үчүн кыргыз өкмөтү 250 млн. сом бөлүүдө. Баштапкы үч ай ичинде бул каражатка тиешелүү жабдык сатылып алынып, үйрөтүү иштери жүргүзүлмөкчү.

Биометрикалык маалыматтарды чогултууга калкты тейлөө борборлору, паспорт столдор, автомобиль каттоо борбору, ЗАГС органдары, Мамлекеттик каттоо кызматынын дээрлик бардык түйүндөрү тартылат. Маалымат чогултуу бардык жерде: ооруканаларда, аскер бөлүктөрүндө, чек арада, дипломатиялык миссияларда жана жабык жайларда жүргүзүлөт.

Бул тууралуу 1-вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.(EBM;ZKo)

XS
SM
MD
LG