Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Муфтий: Ажыга бара электерге жол берели


Кыргызстандык зыяратчылар. Меке. 24-октябрь, 2012-жыл.
Кыргызстандык зыяратчылар. Меке. 24-октябрь, 2012-жыл.

2014-жылы ажылык зыяраттын баасы 2400 доллар деп бекитилди. Ал эми Сауд Арабия быйыл Кыргызстанга 3685 ажылык квота бөлдү.

Бул тууралуу Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 25-апрелдеги маалымат жыйынында билдирди. Бул жылы ажылыкты уюштуруу иштерине бир катар жаңы өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Бирок бул ажылыкты уюштуруу иштеринде жылда болуп келген коррупциялык аракеттерге чекит коё алабы?

Сауд Арабия былтыркыдай эле бул жылы да Кыргызстанга 3685 ажылык квота берди. Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин айтымында, ал калктын санына жараша облус, шаарлардагы казыяттарга бөлүндү.

- Ажылыктын баасы быйыл 2400 доллар. Ажылык сапарга барчуларды каттоо болсо 12-майда башталып, 12-июнда аяктайт,- деди Максатбек ажы Токтомушев.

Токтомушев бул мезгилде каттала албагандар кийинки жылга каларын кошумчалай кетти.

Эгер Мекеге барам дегендердин саны ар бир аймакка бөлүнгөн квотадан ашып кала турган болсо, анда бир канча адамдан турган комиссия ажылар ортосунда чүчүкулак өткөрөт. Ага катышып, бирок быйылкыга илинбей калгандар кийинки жылы бара турган зыяратчылардын алдыңкы тизмесине киргизилмекчи.

Максатбек Токтомушев.
Максатбек Токтомушев.
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев өмүрүндө бир жолу ажылыкка баруу парз экенин, ошондуктан буга чейин баргандарды башкаларга мүмкүнчүлүк берүүгө, бул жылы ажылыкка барууга аракеттенбөөгө чакырды. Буга ылайык, ар бир зыяратчыдан ажылыкка барбагандыгын далилдеген аныктама талап кылынат дейт баш муфтий Токтомушев.

- 1990-жылдан 2014-жылга чейин ким ажылыкка барып келген болсо, быйыл барбагандарга жол берели. Мен бардым эле деп, өздөрү эле каттоого келбей койсо деп суранат элек. Андан тышкары, мурда барып келгендердин тизмелери да бар. Ошол жерден да аты чыгып калса, кайтарылат. Айыл өкмөтү да кагаз берет. Ушинтип азайып, эч барбагандар гана бара турган болсо, бизге да жеңил болот эле.


Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстан ажылыкты уюштуруудагы алдыңкы өлкөлөр болгон Малайзия жана Түркиянын тажрыйбаларын колдонууга аракет кылып жатканын кошумчалады. Бирок бул аракеттер ажылык зыяратын уюштуруудагы буга чейин боло келген коррупциялык аракеттерге бөгөт коё алабы деген суроо башкы тема бойдон калууда.
Борбордук мечит. Бишкек. 7-август, 2013-жыл.
Борбордук мечит. Бишкек. 7-август, 2013-жыл.
Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы төрагасы Тойгонбек Калматов “Азаттыкка” ажылыкты жылда бир келчү сезондук бизнеске айлантып алган молдокелер бар экенин эске салды. Ошондуктан ал таза, ачык айкын уюштуруу үчүн эрк керек дейт.

- Мен иштеген кезде да “таптакыр эле кысып, жолго салып, бизди кыйнап койдуңуз. Биз бир жылда ушул жерден киреше алып, жашайбыз” дегенге чейин барышкан. Мындай идея, ой-максат менен ажылыкты таза алып баруу абдан кыйын да. Ошон үчүн эрк жетсе, Кудайдан, ажыга барып келип жаткандардын убал-сообунан жана мыйзамдан корксо, анда таптаза уюштурса болот.


Ал эми быйыл зыяратчыларды Мекеге алып барууну Fly Dubai авикомпаниясы тейлемей болууда. Муфтият тарабынан жүргүзүлгөн сынакта мыкты шарттарды сунуштагандыктан аталган компания тандалып алынган. Мурдагы жылдары ажылык иштерин уюштурууда муфтият коррупцияга жол берди деген дооматтар айтылып, чет элдик жарандар Кыргызстанга бөлүнгөн квотанын эсебинен ажыга барган деген айыптоолор болгон. Кыргызстанда ажылык чыры жыл сайын орун алат, жана айрымдары соттук териштирүүгө чейин жеткен.
XS
SM
MD
LG