Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Яценюк: Орусия Үчүнчү дүйнөлүк согушту баштаганы турат


Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк Орусияны Украинадагы аракеттери менен Үчүнчү дүйнөлүк согушту баштаганы турат деп күнөөлөдү. "Орусиянын Украинанын территориясындагы аскерий агрессиясы Европаны аскерий жаңжалга алып барат. Дүйнө Экинчи дүйнөлүк согушту али унута элек, бирок Орусия Үчүнчү дүйнөлүк согушту баштаганы турат”,- деди Яценюк 25-апрелде Киевде, өкмөт жыйынында сүйлөп жатып. Анын айтымында, Орусия 25-майда болчу шайлоону үзгүлтүккө учуратып, Украинаны эл шайлаган президентсиз калтырууну, батышчыл жана украиначыл өкмөттү бийликтен оодарууну, Украинаны аскерий жана саясий жактан басып алууну каалайт.

24-апрелде Украинанын коргоо министри Михаил Ковал орусиялык аскерлер өлкө чек арасына бир чакырымдай чукул келип, маневр өткөрүп жатканын жана украин армиясы “ар кандай жоонун мизин кайтарууга даяр” экенин билдирген. Москванын ырасташынча, чек арада кадыресе аскерий машыгуу өтүүдө.

Азыр Украинанын чек арасында 40 миңдей орусиялык аскер жайгаштырылганы айтылууда. Өлкө чыгышында орусиячыл жикчилер ондон ашуун шаарда өкмөттүк имараттарды ээлеп алышкан.

XS
SM
MD
LG