Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

Кашмирдеги атышууда беш кишинин каны төгүлдү


Жаму, Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн тарабындагы салгылашта бүгүн Индиянын эки аскери, үч жикчил окко учкандыгы кабарланууда. Аймактагы коопсуздук булактары билдиргендей, атышуу Шопиан шаарына жакын жердеги үйдө жашынган үч жикчилден коопсуздук кызматтары куралын таштоону талап кылганда башталган. Кан төгүү аймактын тургундары Индиядагы көп баскычтуу шайлоодо добуш берип жатканда орун алды. Пакистан менен Кытай талашкан Кашмирде согушкерлер менен жикчилдер Индия шайлоосун бойкоттоого чакырышкан. Жаму менен Кашмирде 1998-жылы көз карандысыздык үчүн куралдуу күрөш күч алгандан бери 43 миңден ашык кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG