Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Жетилтик Орусияга каршы санкцияларды күч алдырат


Өнөр-жайы өнүккөн жети мамлекеттин тобу эгер украин кризисин жөндөө максатында жетишилген Женева келишимин колдоо боюнча Москва конкреттүү чара көрбөсө, Орусияга каршы кошумча санкция киргизүүгө макулдашышты. Жетилтиктин 26-апрелдеги билдирүүсүндө, Украинада келерки айда президенттик шайлоонун ийгиликтүү жана тынч өтүшүн кепилдөө өтө маанилүү болгондуктан, жети өлкө максаттуу санкцияларды тез арада киргизүүгө» ниети бар экендиги айтылат. Кошмо Штаттары менен Европа Биримдиги жаңы санкцияларды 28де жарыялашы мүмкүн экендиги кабарланууда. Бул маселени талкуулоо үчүн Германиянын канцлери Ангела Меркел келерки аптада Вашингтонго баратат.

XS
SM
MD
LG