Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:41

Июлда электр энергиясы кымбатташы мүмкүн


Кыргызстандыктар 1-июлдан тарта 1 кВт электр энергиясы үчүн 1 сом 20 тыйын төлөшү мүмкүн. Мындай маалыматты Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу агенттигинин директору Миргүл Айдарова “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, бул кымбаттоо жайкысын айына 300 кВт (социалдык норма), кышкысын 600 кВт энергиядан көп колдонгондорго гана тийиштүү. Бул нормага чейинкилер мурдагыдай эле 70 тыйындан төлөй берет. Мекеменин изилдөөсүнө ылайык, элдин көбү анчалык деңгээлде ток колдонбогондуктан, калктын 90 пайызы кымбаттоо тарифине илинбейт.

Энергетика министрлиги сунуштаган тарифтик кымбаттоого ылайык, 2017-жылы 1 кВт энергия үчүн социалдык норма менен колдонгондор 86 тыйындан, андан ашкандар 1 сом 44 тыйындан төлөшү керек.

Энергетика министрлиги эки жылдан бери бааны көтөрүүнү сунуштап келет. Бул маселе май айында өкмөттө каралып, андан кийин парламентке жөнөтүлөт. (UeZ\SE)

XS
SM
MD
LG