Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Крым татарларынын жол башчысы Татарстанды сынга алды


Крым татарларынын лидери Мустафа Жемилев Орусиянын курамындагы Татарстан жумуриятынын жетекчилигин «Кремлдин малайы» деп сынга алды. «Биз Татарстандын жетекчилигин татар эли менен бирдей карабайбыз» деп билдирди Жемилев "Азаттык" менен маегинде. Ал ошондой эле "Кремлдин сөзүн сүйлөбөсө, Татарстандын жетекчилиги бийликте болмок эмес" деди. Ал Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун Крым татарлары менен орус өкмөтүнүн ортосунда арачылык кылуу сунушун четке какты. Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында 260 миңдей крым татарлары бар.

XS
SM
MD
LG