Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Словянск мэри: ЕККУ байкоочулары - согуш туткундары


Словянск шаарынын мэри эл аралык байкоочуларды «согуш туткундары» деп мүнөздөдү. Украинанын чыгышында өз алдынчалык жарыялаган Словянск шаарынын мэри өз кишилери барымтада кармап турган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун мүчөлөрүн «согуш туткундары» деп билдирди.
Вячеслав Пономарев кабарчыларга «биздин шаарда азыр согуштук кырдаал түзүлдү. Ошондуктан биздин уруксатсыз жүргөн аскер кишилерин согуш туткуну деп санайбыз», - деди.

ЕКУУнун эки германиялык, бир швециялык, бир польшалык жана бир чех байкоочусу 25-апрелде кармалган эле. Пономарев аларды Киев бийликтери кармап турган орусиячыл согушкерлерге алмаштырылаарын бир нече жолу айткан.

ЕККУнун өкүлдөрү Пономарев менен Словянскиде бүгүн жолугушаары күтүлүүдө. Пономарев ошондой эле анын кишилери өткөн түнү «Украинанын мамлекеттик коопсуздук кызматынын үч офицерин туткунга алды» деп жарыялады.

XS
SM
MD
LG