Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

ЕККУнун барымтадагы өкүлү: Биз дипломаттарбыз


Украинанын чыгышындагы жикчилдер кармап турган Словянск шаарында кабарчылардын алдына чыгарылган германиялык полковник Аксел Шнайдер анын менен кошо барымтага алынган ЕКУУнун өкүлдөрү согуш туткундары эмес экендигин билдирди:

- Вена келишимине ылайык, биз Украинага куралсыз, ок-дарысыз келгенбиз. Биз аскер кийимчен дипломаттарбыз.

ЕККУнун 2011-жылдагы арачылык боюнча макулдашуусу уюмга кирген 57 өлкөнүн бардыгы үчүн аткарылышы милдеттүү документ болуп саналат.

Европадагы коопсуздук жана кызматташттык уюмунун арачылар тобу бүгүн орусиячыл күчтөр барымтага алган сегиз байкоочуну бошотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Словянск шаарына келишти. Алар өз алдынчалык жарыялаган Словянскинин мэри Вячаслав Пономарев менен сүйлөшүү жүргүзүп жатышат. Пономарев анын алдында эл аралык байкоочуларды «согуш туткундары» деп жарыялаган эле.

XS
SM
MD
LG