Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Молдовалыктар Евробиримдикке визасыз саякаттай башташты


Молдовалык студенттер Еврошаркет менен визасыз каттам күчүнө кирген алгачкы күнү Кишинев эл аралык аэропортунда рейсин күтүп турушат, 28-апрель, 2014
Молдовалык студенттер Еврошаркет менен визасыз каттам күчүнө кирген алгачкы күнү Кишинев эл аралык аэропортунда рейсин күтүп турушат, 28-апрель, 2014
Бүгүндөн тарта Молдованын биометрикалык картасы бар жарандары шенген зонасына кирген мамлекеттерге визасыз каттай башташты. Евробиримдик менен Чыгыш өнөктөштүгүнө кирген алты мамлекеттин ичинен Молдова биринчи болуп визасыз каттамга кирип жатат. Европарламент менен биримдикке мүчө өлкөлөр төрт жылга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Молдовага уруксатты ушул мартта беришкен.

Евробиримдикте ички иштер боюнча комиссар Сесилия Малмстром “мындан ары жеке адамдар ортосунда мамилени күчөтүп, шаркет жана Молдова ортосунда бизнес, социалдык жана маданий алакаларды күчөтүү боюнча” чечимдер кабыл алынаарын айтты.

Молдованын европачыл премьер-министри Юрие Лянке молдовалыктарга визасыз каттамдын киргизилиши жана Евробиримдик колдоп жаткан реформалар Приднестровье өңдүү “чечилбей калган конфликттерди” жөнгөрүүгө үмүт жаратат жана анда Молдованын аброюн көтөргөнгө жардам болот деди.

XS
SM
MD
LG