Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Ирактын армиясы жана полициясы парламенттик шайлоого катышууда


Кечээ чабуулдар болгон Киркук шаарында ирактык полисмен парламенттик шайлоо үчүн добушун берүүдө, 28-апрель, 2014
Кечээ чабуулдар болгон Киркук шаарында ирактык полисмен парламенттик шайлоо үчүн добушун берүүдө, 28-апрель, 2014
АКШнын аскерлери өлкөдөн 2011-жылы чыгарылгандан берки алгачкы парламенттик шайлоого 1 млн.дой аскер жана полисмен катышууда. Күч органдарындагы добуш берүү шайлоо күнүнөн эки күн эрте коопсуздук режими күчөтүлгөн абалда өтүп жатат. Жумурияттагы калган 22 млн.дой добуш берүүгө укуктуу жаран шаршембиде 328 орундуу парламентти шайлоого катышмакчы.

Ирактыктар арасында азыр коррупция, жумушсуздук боюнча нааразылык күчөп турганына карабай, премьер-министр Нури ал-Малики үчүнчү мөөнөт үчүн ат салышууну чечти.

Бул жолку добуш берүү өлкөдө диний жана этникалык бөлүнүп-жарылуу канчалык күчөп турганын көрсөтөт дешет. Кечээ түндүктөгү Киркук шаарында шайлооканаларга чабуул болгон.

XS
SM
MD
LG