Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:42

Аба ырайы: шашылыш эскертүү


28-апрелден 30-апрелге чейин жаан-чачынга байланыштуу Бишкек - Ош жолунун 121-137-чакырым, 198-265-чакырымында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.

2014-жылдын 28-29 апрелинде Кыргызстандын дарыяларында күтүлүп жаткан нөшөргө байланыштуу тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу сакталат, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Аба ырайы

Кыргызстандын аймагында 29-апрелде түнкүсун жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет, айрым жерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18,

Талас жергесинде түнкүсүн1..6, күндүз 12...17,

Баткенде түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7...12, күндүз 16...21,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12,

Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13,

Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 4...6, күндүз 15…17 градус болот. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG