Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Сузакта мамлекетке зыян кылгандар соттолду


Жалал-Абаддын Сузак райондук соту Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтерин 12 жылга, бөлүмдүн кассирин он жылга эркинен ажыратты. Мындай өкүмдү Сузак райондук соту жакында чыгарганын 28-апрелде УКМКнын облустук башкармалыгы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, алар 2011-2013-жылдары шаардын мектептеринин мугалимдери менен балдар бакчаларынын тарбиячыларына акы төлөөдө эки документ түзүшкөн. Экөөндө тең мугалимдер жана тарбиячыларга кол койдурушкан, бирок экинчи документтеги кол койгон мугалим-тарбиячылардын ордуна өздөрү акча алуу менен башкы бухгалтер менен кассир мамлекетке 11,6 миллион сом зыян келтиришип, ал акчаларды өз керегине иштетишкен. (YA)

XS
SM
MD
LG