Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Арстанбапка жаңгак май заводу курулат


Жалал-Абад облусуна караштуу Арстанбап аймагына жаңгактан май өндүрүүчү завод курулат. Бул боюнча келишим кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн биргелешкен сүйлөшүүлөрүндө жетишилгенин "Азаттыкка" бүгүн Базар-Коргон районунун акими Талайбек Дөөлдөев билдирди. Анын айтымында, бир күн мурда кытайлык адистер келип жаңгак токойу менен таанышып кетишти. Эмки айда куруучу инвесторлор келип, завод түшө турган жер биргеликте аныкталмакчы. Долбоорго жалпысынан 500 млн. доллар каралган жана бүтүрүү мөөнөтү 2016-2017-жылдарга белгиленген.

Мындан сырткары "Вега Плюс" ишканасы жыл сайын райондон 90 миң тонна жангак данегин экспортко чыгарат. Базар-Коргондо 17 миң гектардай жаңгак токою бар. (RsK)

XS
SM
MD
LG