Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Словакия Украинага газ берүүгө макул


Эгер документке кол коюлса, Украинага газды Словакиянын Eustream компаниясы жеткирип турмакчы.
Эгер документке кол коюлса, Украинага газды Словакиянын Eustream компаниясы жеткирип турмакчы.
Орусия Украинаны “газ үчүн төлөнбөгөн карызы көп” деп, жаратылыш газын бербей коюшу мүмкүн экенин билдирип жаткан чакта Словакия Украинага газ берүүгө макул болду. Тийиштүү меморандумга Словакиянын Eustream компаниясы менен “Укртрансгаз” ишканасы бүгүн Братиславада кол коюшат. Иш-чарага Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэль Баррозу да катышаары айтылган.

Газ маселесинде алдын ала макулдашуу 26-апрелде Киевде жетишилген болчу. Украина өзүнө керектүү газдын бештен бир бөлүгүн Словакиядан алууга аракет кылууда. Азыр расмий Киев Орусиядан көгүлтүр отун боюнча көз карандылыгын азайтыш үчүн Венгрия жана Польша менен да ушуга окшош келишимдерге барды.

XS
SM
MD
LG