Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Украинада Харьковдун мэрин атып кетишти


Харьковдун мэри Хеннадий Кернес, 2-апрель, 2014
Харьковдун мэри Хеннадий Кернес, 2-апрель, 2014
Азыр мэр оор абалда реанимацияда жатканы кабарланууда. Белгисиз куралчан киши мэр Хеннадий Кернести бүгүн түшкө жуук атып кеткен. Мэриянын маалымат кызматынан дарыгерлер азыр анын өмүрүн сактап калууга аракет кылып жатканын билдиришти. Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз.

Харьков – Украинанын экинчи ири шаары. Орусиячыл топтор ушул айдын башында Харьковдогу өкмөттүк имараттарды басып алып, кийинчерээк коопсуздук күчтөрүнүн басымы астында бошотушкан.

XS
SM
MD
LG