Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:36

АКШ Орусиянын президентинин жан-жөкөрлөрүнө санкция киргизди


Кошмо Штаттар санкция киргизгендердин катарында “Роснефть” компаниясынын жетекчиси Игорь Сечин баштаган жети жогорку даражалуу кызматкер жана 17 орус компаниясы бар. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Жен Псаки:

- Биз Украинадагы мыйзамсыз аракеттерди колдогон, президент Владимир Путинге эң жакын адамдар бар экенин байкап, аларга каршы максаттуу чечим кабыл алдык.

Вашингтон Украинада акыркы кезде кырдаалдын курчушуна Орусиянын катышы бар деп, санкциялардын үчүнчү толкунун киргизди. Санкция киргизилген компаниялардын арасында эң ири “Газпром” компаниясы жок. АКШнын конгрессмендери мына ушул компанияга санкция киргизүүнү президент Барак Обамадан талап кылып жатышкан. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG