Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:10

АКШ президентинин Филиппинге сапары уланат


Президент Барак Обама Филиппиндеги сапарынын экинчи күнүн америка жана филиппин аскерлери менен жолугушуудан баштайт. Филиппин бийлиги менен Кошмо Штаттар коргоону багытында жаңы келишимге 28-апрелде кол коюшту.

Он жылга эсептелген келишимге ылайык Кошмо Штаттар Филипиндеги аскердик базаларга жайгашууга мүмкүнчүлүк алат. Барак Обаманын Азия регионуна төрт күндүк сапары региондогу союздаштарын колдоого багытталган. Жапония, Түштүк Корея, Малайзия жана Филиппинди камтыган сапарында Барак Обама чакан өлкөлөр ири мамлекеттер тарабынан кысымга алынбаш керек деп, Кытайга карай жаңсаган. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG