28-апрель күнү кечинде Балыкчы - Бишкек унаа жолунун Тоң районунун аймагында автокырсыктан 2 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, “Volkswagen Passat” жана “Toyota Mark II” үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Кырсыктан жараат алган 5 адам Кочкор райондук ооруканасына жеткирилди.(BkA)