Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:04

УКМК: Ошто прокурор пара менен кармалды


Ош шаардык прокуратурасынын улук прокурору пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызматтан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган прокурор кызматтык иликтөө жүргүзүп жатып Ош шаарынын тургунунун жеке жашоосуна байланышкан купуя маалыматка ээ болгон. Бирок ал маалыматты ачыкка чыгарам деп коркутуп, 1000 доллар талап кылган. Бул сумманын 300 долларын алып жаткан учурда коррупцияга каршы кызматтын өкүлдөрү тарабынан кармалды. Кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. (BkA)

XS
SM
MD
LG