Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

АКШ президенти Обаманын Азиядагы сапары соңуна чыкты


Барак Обаманын Филиппиндеги сапары карыды. АКШ президенти 29-апрелде Манилада Филиппиндин жана АКШнын аскерлери менен кездешүүдө "Вашингтон Азия-Тынч океан регионундагы союздаштар менен мамилени болочокто да бекемдей берерин" белгиледи. 28-апрелде Вашингтон - Манила 10 жылдык коргонуу келишимине кол коюшкан.

Жаңы келишим АКШга Филиппиндеги аскерий күчтөрүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Барак Обаманын айтымында, келишим Кытайга каршы же анын таасирин чектөөнү көздөбөйт. Ал бирок Жапония, Түштүк Корея, Малайзия, Филиппинди камтыган сапары маалында "чоң мамлекеттер чакан өлкөлөрдү омуроолоп, кысымга албашы керек" деп, Кытайга ишаара кылып жатты.

XS
SM
MD
LG