Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:58

Наваз Шарифтин резиденциясы газсыз калды


Пакистандын премьер-министринин резиденциясына жана улуттук парламенттин секретариаты жайгашкан имаратка 29-апрелден тарта газ берүү токтотулду.

Өкмөттүк Sui North Gas Pipeline компаниясынын билдиришинче, премьер-министр Наваз Шарифтин резиденциясынын газ үчүн төлөнбөгөн карызы 48 миң долларга чыгып кеткен. "Парламенттин секретариаты, парламент мүчөлөрүнүн кеңселери, Федералдык сот жана башка өкмөттүк имараттардын жалпы борчу 200 миң доллардан ашып кетти" деп маалымдады газ менен камсыздачу компания.

Өткөн жумада премьер-министр Наваз Шариф газ үчүн карызы барлар менен чечкиндүү күрөшүүнү буйруган эле. Ал 2013-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен өкмөт башына келгенде Пакистанды энергетикалык кризистен чыгарам деп сөз берген.

Азыр Пакистанда бир күндө электр кубаты 12 саатка чейин берилбейт.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG