Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Сирияда кол салуулардан 50дөн көп киши набыт болду


29-апрелде Сирияда бир катар чабуулдар болду. Хомс шаарында бомба салынган машине жарылып, кеминде 37 адам өлгөн. Сирияда адам укуктары боюнча обсерваториянын маалыматы боюнча, жарадар болгондордун саны сексенге жетти. Жардыруу Сирия өкмөтү көзөмөлдөгөн аймакта болгон. Дамаск шаарын миномет менен аткылоодон 14 киши набыт болуп, ондогондор жарадар болушту. Бул кол салуулар Башар Асад 28-апрелде июнь айына белгиленген президенттик шайлоого катышарын жарыялагандан кийин орун алды. (AiT)

XS
SM
MD
LG