Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:09

Сот Аскаровдун адвокатынын арызын канааттандырды


Бишкектин Октябрь райондук соту абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахидовдун арызын канааттандырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын төрайымы Төлөйкан Исмаилова кабарлады.

Анын айтымында, буга чейин "Бир дүйнө - Кыргызстан” кыймылы Аскаровдун ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра тергөөнү суранып Башкы прокуратурага кайрылган. Ал арыздын негизинде атайын тергөө тобу түзүлүп, Аскаровдун ишин карап чыккан. Бирок быйыл февраль айында Баш прокурордун орун басары Людмила Усманова өз токтому менен тергөө тобунун ишин токтоткон. Мындан соң Аскаровдун адвокаты Усманованын аталган токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен Октябрь райондук сотуна кайрылган болчу.

Райондук сот бүгүн адвокаттын арызын канааттандырды. Эми Башкы прокуратурадагы Аскаров боюнча тергөө тобу ишин кайра башташы зарыл.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь коогалаңында башаламандык уюштурган, милиционерди өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бирок анын жактоочулары сот чечими адилетсиз болгонун, тергөө көп жагдайларды эске албаганын айтып келет. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG