Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

Мырзакматовдун тууганына кол салуу иликтенүүдө


Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун жээнине кол салуу боюнча ыкчам тергөө тобу иштеп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” милициядагы ишенимдүү булак билдирди. Анын айтымында, жараат алган Жеңиш Садиевге кол салуу бүгүн саат 3тө катталган. Медициналык маска тагынган белгисиз адам “Мерседес” үлгүсүндөгү унаа менен Садиевдин үйүнө келип ок чыгарган. Мылтыгын ошол жерге таштап кеткен. Учурда Садиев ооруканада. Ага операция жасалууда.

Буга чейин Садиевдин туугандары кол салууга криминал аралашышы мүмкүн экенин билдирген болчу. (BkA\EBM)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG