Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Жикчилдер белгисине айланган тасма


Соңку айларда Георгий тасмасы Украинадагы орусиячыл жикчилдердин белгисине айланды.
Соңку айларда Георгий тасмасы Украинадагы орусиячыл жикчилдердин белгисине айланды.

Борбор Азия өлкөлөрүндө Улуу Жеңиш күнүн утурлай Георгий тасмаларын таратуу акциясы өтүүдө. Акыркы айлардан бери Георгий тасмасы - Украинадагы орусиячыл сепаратисттердин белгиси деп саналып келет.

Быйыл Ташкенттеги Орусиянын элчилиги Георгий тасмаларын таратуу акциясын апрель айынын этегинде эле баштады. Азырынча анын канчасы өлкө аймагында жайылтылганы белгисиз. Ал эми “Азаттык” радиосунун өзбек кызматы жүргүзгөн сурамжылоодо ташкенттиктердин көбү бул акцияга катышпай тургандыктарын айтышкан. Карапайым өзбектердин көбү андан көрө согуш ардагерлерине жардам көрсөтүлсө болмок деген ойдо.

Орусияда жана айрым КМШ өлкөлөрүндө Жеңиш күнү деп белгиленип келген бул майрам Өзбекстанда 1999-жылдан бери каза болгон ата-бабаларды эскерүү күнү катары гана саналып келет.

Ал эми Тажикстанда Георгий тасмаларын таратууну Орусиянын кызматташтык фондунун Дүйшөмбүдөгү өкүлчүлүгү колго алган. Уюмдун жетекчисинин орун басары Тимур Шахмаев тасма Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын жана баатырларын эске салган тарыхый белги деп саналарын айтты:

- Биздин акциянын башкы максаты - Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине ызаат көрсөтүү. Тасманы төшүбүзгө тагуу менен биз эч ким, эч качан унутулбасын билдиребиз. Жаштар акцияга жигердүү катышууда. Ал эми улуу муун жаштардын бул аракеттерин көрүп, көзүнө жаш алган учурлар болду.

Ошол эле маалда Тажикстандын “Эмгек жана согуш ардаргелер кеңеши” Георгий тасмасынын Экинчи дүйнөлүк согушка эч тиешеси жоктугун билдиришет. Бул саргылтым-кара түстөгү тасмалар акыркы жылдары гана пост-советтик өлкөлөрдө пайда болгонун байкаган ардагерлер "Согуш кезинде жана андан кийин деле мындай тасманы көргөн эмеспиз" дешет.

Кыргызстанда болсо Георгий тасмасына арналган акция алыскы Баткендеги чек ара тозотунан башталды. Кыргыз-тажик чек арасынан колдон колго өткөн тасма өлкөнүн эң маанилүү чек ара тозотторун басып өтүп, соңунда Улуу Ата Мекендик согуштун үч ардагерине тапшырылат. Тасманы тагынган ардагерлер Москванын Кызыл Аянтында өтчү Жеңиш парадына барышат. Чек ара кызматы мындай акциянын башкы максаты - чек арачылардын патриоттук сезимин курчутуу жана тарыхты эскерүү болуп эсептелет деген билдирүү таратты.

- Биз тарыхты эч качан унутпашыбыз керек, биздин аталарыбыздын кылган кызматын, көргөн кыйынчылыктарын эскерип туруу үчүн ушул иш-чараны өткөрүп жатабыз, – деди Баткендеги № 2022 чек ара бөлүгүнүн зардалынын тарбия иштери боюнча орун басары Адылбек Сейдалиев кабарчыбыз Жеңиш Айдаровго.
Георгий тасмасы кыргыз чек ара тозотторун дагы кыдырып жүрөт.
Георгий тасмасы чек арада
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00


Ал эми соңку айларда Георгий тасмасы Украинадагы орусиячыл жикчилдердин белгисине айланып баратканын карапайым адамдардын баары эле баамдай бербесе керек.

Тасманы ойгелди тагынган Чыгыш Украинадагы орусиячыл жикчилдерди жергиликтүү калк “колораддар” деп атап алышкан. Бул аталыш “Колорадо коңуздарынын” кыскартылган каймана аты. Картөшкөнү каптап, дыйкандарды кыйла түйшүккө салган “Колорадо коңуздарынын” сырткы көрүнүшү дагы саргылт-кара түстө эмеспи.
Колорадо коңузу (оңдо) жана орусиячыл жикчилдер тагынган тасма (солдо)
Колорадо коңузу (оңдо) жана орусиячыл жикчилдер тагынган тасма (солдо)


Украинанын орусиячыл сепаратисттери саргылт-кара түстөгү тасмаларды Кремл менен көз карашыбыз бир деген кыязда, өзүнүн эн белгисине айлантса, Украинанын бүтүндүгүн жактоочулар аны чет өлкөнүн баскынчылык саясатынын белгиси деп санашат.

Колорадо коңузунун мекени АКШ болсо, кийинчерээк ал Европага, 1940-жылдары Совет аймагына тараган.

Өз кезинде “Варшава келишимине“ кирген өлкөлөр азык-түлүк тартыштыгынын бирден бир себебин ушул коңуздардан көрүшкөн. Ал тургай мындай коңуздарды ЦРУ атайын жол менен жайылтты деп аңыз тараган. Советтик аткаминерлер бул “баскынчы коңуздар” менен күрөшүү үчүн масштабдуу иш-чараларды уюштурган. Мектеп окуучуларын талаадагы коңуздарды терип, чакадагы бензинге салып жоготуу үчүн атайын талаа иштерине алып чыгышкан.

Кош түстүү тасманын тарыхы Орус падышачылыгына барып такалат. 1769-жылы Ыйык Георгийдин урматына жасалган Георгий орденинин тасмасы саргылт-кара өңдөрдөн турган. Андагы кара түс согуштагы түтүндү билдирсе, саргылт түс отту түшүндүргөн. Ордендерди бул өңдөгү тасма менен кооздоо Советтер Союзунда да колдонулуп, Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Георгий тасмасы эр жүрөктүүлүктүн символу саналып калган.

XS
SM
MD
LG