Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Сүлүктү: Көмүрдөн кыйылган өмүр


Сүлүктү шаарына кире бериштеги жазуу, Баткен облусу.
Сүлүктү шаарына кире бериштеги жазуу, Баткен облусу.

Баткендин Сүлүктү шаарында көмүр кениндеги кырсыктан бир киши каза таап, үч адам оор абалда ооруканага түштү.

Сүлүктү шаарындагы № 2 Узун-Сай көмүр кенинде 30-апрелге караган түнү 4 шахтер жер алдындагы ууламтадан кабар алуу үчүн түшүп, иске ууланып калышкан. Натыйжада 47 жаштагы Наби Бабаев ошол жерден жан берип, калган 3 шахтерди куткаруучулар шаардык ооруканага жеткирүүгө үлгүрүшкөн.

Аталган шахтанын аткаруучу директору Жолдош Үмөтов бул көмүр кени иштеп жаткан 8 жылдан бери мындай кырсык биринчи жолу болгонун айтат:

- Бүгүн эртең менен ооруканадагы үч кенчибизден кабар алдык, абалы жакшырып калды. Ал эми каза болуп калган Наби Бабаевдин сөөгүн жерге берүү зыйнатына жардамдашып жатабыз. Коопсуздук эрежелери кандай болгонун, кырсыкка ким күнөөлү экенин эми атайын комисия аныктайт. Анан ошого жараша иш жүргүзөбүз.

Ууланып ооруканага түшкөн 3 шахтерге дары-дармек жетиштүү. Алардан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да кабар алып, керектүү жардамдарын бэрээрин билдирген.

Шаар мэри Закир Ибрагимов атайын комиссиянын тыянагына жараша бул кырсыкка тиешелүү адамдар жооп берээрин билдирди:

- Бул жерде түздөн-түз техникалык жана коопсуздук эрежелери бузулгандай. Ооруканадагы балдардын абалы менен тааныштым. Азыр жакшы болуп калышты. Алар иштеген мекеме керектүү жардамдарды берет. Атайын комиссия жыйынтыгын чыгарса кырсыктын себептери дайын болот. Мен азыр көмүр кендериндеги коопсуздук эрежелери боюнча окууларды өткөрүү тууралуу сунуш бердим. Бардык кенчилерди окуулардын өткөрүп туруу керек.

Сүлүктү шаарында көмүр өндүрүүчү 18 шахта бар. Мындан 2 ай мурда да 30 жаштагы шахтер иш учурунда каза болгон. Ал окуя боюнча да атайын комиссия түзүлүп, натыйжада аны иштеткен кендин кожоюндары үй-бүлөсүнө 800 миң сомдон ашыгыраак кун төлөп бермей болгон.

Былтыр Баткен районунда да жер алдындагы шахтаны суу каптап, 3 киши каза болгон. Облус аймагында жыл сайын эле мындай окуялар катталып турат. Ошондуктан талапка жооп бербеген шахталарды жабуу сунушу көтөрүлүп келет.

Максат аттуу жергиликтүү ишкер абалдан кендерди жабуу менен чыкпастан элге да, казынага да пайда алып келчү мындай ишканалар андан ары коопсуз иш алып баруусуна мамлекет жардам бериши керек деп эсептейт:

- Көмүр өндүргөн ишканаларды жаап койгон менен маселе чечилбейт. Андан көрө мамлекеттен атайын жардамдар берилип, коопсуздук чараларын караш керек. Анткени бул жактан казынага жакшы каражат түшөт, эл да жумуш менен камсыз болуп турат.


Баткен облусунун аймагынан жылына 200 мин тоннадан ашык көмүр өндүрүлөт. Анын көпчүлүгү кошуна Тажикстанга экспорттолгондуктан баасы да кымбат. Көмүргө талап күч болгондуктан кээ бир учурда көзөмөлдөөчү кызматтар жапкан кен жайларын да мыйзамсз ачып алып иштеткен учурлар жок эмес.

XS
SM
MD
LG