Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

“Манас” аба майданы боюнча “Роснефть” менен сүйлөшүүлөр уланууда


Жоомарт Оторбаев 30-апрелде РИА Новости маалымат агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында Кыргызстан “Роснефти” компаниясынын Кыргызстанга инвестиция салышы боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын билдирген. “Роснефтиге” “Манас” аба майданынын 51% акциясын сатуу боюнча меморандумга февраль айында кол коюлган. Бирок коомчулуктагы каршылыкка байланыштуу “Роснефть” “Манастан” баш тартканын президент Алмазбек Атамбаев өткөн жумада Таласка сапары учурунда билдирген. Улуттук оппозициялык кыймылдын теңтөрагасы Равшан Жээнбековдун айтымында, Кыргызстан “Манастын” 1% дагы акциясын сатпаш керек. Бирок буга карабай бийлик аны сатууга бара турганы анык болуп калды. (AiT)

XS
SM
MD
LG