Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Ошто Жеңиш Садиевге кол салуу иликтенүүдө


Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун тууганы Жеңиш Садиевге 30-апрелде Ошто ок атылган. Ага операция жасалды. Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун билдирүүсүнө караганда, Жеңиш Садиевге ок аткан кылмышкер кайсы машине менен кеткени аныкталды. Ошондуктан бул кылмыштын бети жакынкы күндөрү ачылат. Замир Сыдыков бир нече версия боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдирди:

- Азыр бир жактуу түрдө бир нерсе деп айтуу эрте. Албетте, бир нече версиялар боюнча иштеп жатабыз. Ал эми Мырзакматовго басым катары кароого эртелик кылат. Анткени бул бала эч качан саясатка аралашкан эмес. Өзүнүн автобизнеси болгон. Мына ошол иши менен алек болуп жүргөн.

Мелис Мырзакматов бул кол салууну аны коркутуу максатында болгонун маалымат каражаттарына билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG