Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:16

Казакстан 240 вагон күйүүчү майды Кыргызстанга өткөрбөй жатат


Орусиядан Казакстан аркылуу ташылып келаткан 240 вагон күйүүчү май “Луговое” темир жол станциясында 18-апрелден бери кармалып турат. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Куловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда Казакстандын бажысы вагондорго документтер толук эмес деген жүйөө менен кармоодо. Натыйжада акыркы айда Кыргызстанга күйүүчү май 14 миң тоннага аз кирди. Кармалып турган вагондорду Кыргызстанга өткөрүү жаатында сүйлөшүүлөр уланууда.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча Казакстанда кармалып турган май үч тараптуу келишим түзгөн ортомчу компанияларга таандык. Ал эми Кыргызстан-Орусия ортосунда эки тараптуу келишимдин негизиндеги ташуулар үзгүлтүксүз жүрүп жатат. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG