Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

Темир жол вокзалында миграциялык борбор ачылды


Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Бишкектеги темир жол вокзалында миграциялык борбор ачты. Бул тууралуу бүгүн аталган мекемеден кабарлашты. Ушул жумадан тарта иштей баштаган борбордон Орусияга кирүү укугунан ажыраган жарандар тууралуу маалымат алса болот. Ар бир жаран өзү жөнүндө маалыматты бекер алат.

Былтыр октябрдан тарта Орусия миграциялык мыйзамдарын катаалдантып, өлкөдө жүрүүнүн жол-жобосун бузган мигранттарды атайын "кара тизмеге" киргизген. Кыргызстандагы Орусия элчилиги өткөн айда мындай тизмеде 60 миң кыргызстандык бар экенин маалымдаган болчу.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG