Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Украина: Орусиянын аскер атташеси тыңчы катары кармалды


Украинанын бийликтери Орусиянын Киевде элчилигинин аскер атташесин тыңчылыкка айыптады. Бул тууралуу Интерфакс-Украина маалымат агенттиги өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине шилтеме берип жазып чыкты. Маалыматка караганда, өлкөнүн коопсуздук күчтөрү дипломатты 30-апрелде тыңчылык аракетин ишке ашырып жатканда кармаган. Аскар атташе дароо пресона нон грата деп жарыяланып, өлкөдөн чыгарылмай болду. Бул окуя боюнча Орусия комментарий бере элек.

Украина өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин аркасында Орусия турат деп айыптап келет. Жикчилер өлкөдө референдум өткөрүү талабы менен ондон ашуун шаарларда полиция жана бийлик имараттарын басып алышкан.

XS
SM
MD
LG