Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Бишкекте такси кызматы согуш ардагерлерин акысыз ташыйт


Бишкектеги “37” такси кызматы 1-майдан 10-майга чейин Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлерин шаар ичинде бекер ташыйт. Бул тууралуу такси кызматынын өкүлү Надыр Юбиров кабарлады. Анын айтымында, жыл санап согуш ардагерлери азайып бара жатат. Мындан улам аларга урмат-сый көрсөтүп, камкордук көрүү максатында ушундай акцияны өткөрүүнү чечишкен. Бул күндөрү согуш ардагерлери аталган таксини чакырса, каалаган жерине акысыз жеткирилмекчи.

Кыргызстан боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 2 миңге жакын катышуучусу, 8 миңге жакын ооруктун ардагери бар. (BkA)

XS
SM
MD
LG