Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:02

Германия Орусиядан ЕККУ байкоочуларын бошотууга жардам сурады


Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, немец канцлери Ангела Меркел ЕККУнун Чыгыш Украинада кармалган байкоочуларын бошотууда жардам көргөзүүнү орус президенти Путинден суранган. Бул маселе эки лидердин бүгүнкү телефон сүйлөшүүсүндө козголгон.

ЕККУ байкоочуларынын тобун 25 –апрелден бери кармап турган орусиячыл жикчилер аларды “НАТОнун тыңчылары” деп аташкан. Кармалган сегиз адамдын бирөөсү саламаттыгынан улам буга чейин бошотулган эле.

Бүгүн эле орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинанын чыгышы жана түштүгүндөгү жикчилер менен расмий Киевдин ортосунда ЕККУ демөөрчүлүгү астында сүйлөшүү өткөрүүнү сунуш кылды:

- Орусия Киевдеги бийликтер менен алардын башка райондордогу оппоненттери ортосундагы мындай диалог ЕККУнун эгидасы астында өтө алмак деп эсептейт. Биз мындан күмөн санап жаткан Батыштагы кесиптештерибиз каршылыгын токтотот жана украниалыктардын сүйлөшүү баштоосуна тоскоолдук кылбайт деп үмүттөнөбүз.

Расмий Киев Москва өлкөнүн түштүк –чыгышында ондон ашуун шаарда бийлик имараттарын басып алган жикчилердин артында турат деп санайт.

Бүгүн украин бийликтери орус элчилигинин аскерий атташесин тыңчылык кылды деген шек менен кармашканын жана ал өлкөдөн чыгарыларын билдиришти. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG