Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Freedom House сөз эркиндиги боюнча баяндама жарыялады


Эл аралык Freedom House уюму дүйнөдөгү басма сөз эркиндиги боюнча жылдык баяндамасын жарыялады. Баяндамада 197 өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына баа берилген. Ага ылайык, Евразия өлкөлөрүндө бул жааттагы абал жакшырбаганы айтылат. Бул чөлкөмдөгү бир дагы мамлекет басма сөзү эркин делген өлкөлөрдүн арасынан орун алган эмес.

Баяндаманын авторлору Орусияда дале болсо журналисттер катаал шартта иштеп жатканын белгилешкен. Буга мисал катары РИА-Новости маалымат агенттигинин жабылганын, интернет тармагына өкмөт тарабынан киргизилген чектөөлөр айтылат. Орус бийликтеринин блоггерлерди жана чет өлкөлүк маалымат каражаттарын көзөмөлгө алууга аракет кылып жатканына да көңүл бурулган.

Freedom House Украинада да сөз эркиндиги жаатында абал начарлаганын көрсөткөн. Бул Майдандагы акцияларды чагылдырган журналисттерге кол салууларга байланыштуу экени айтылат.

Ал эми Беларус, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Иран сөз эркиндиги эң көп чектелген өлкөлөр деп табылды.

XS
SM
MD
LG