Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:33

Садиевдин өлүмүн тыкыр иликтөө тапшырмасы берилди


Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бейшембиде Ошто күч органдарынын кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулады. Сарпашев кол салуудан каза тапкан Жеңиш Садиевдин өлүмүн тыкыр иликтөөнү тапшырды.

30-апрелде Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун тууганы Жеңиш Садиевди белгисиз бирөөлөр үйүнөн атып кетишкен. Мырзакматов бул кол салуу аны коркутуу үчүн жасалганын билдирген.

Ок жаңылган Садиевге Ошто операция жасалып, бирок бир күндөн кийин каза тапканын Ош шаардык милициясы тастыктады. (BkA)

XS
SM
MD
LG