Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:02

Түндүк менен түштүктү байланыштырчу жаңы жол курула баштады


Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштыра турган жаңы унаа жолдун курулушу расмий башталды. Тогуз-Торо районунун Казарман айлында бүгүн өткөн иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев катышты. Атамбаев өз сөзүндө өлкө үчүн аталган жолдун мааниси жогору экенин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев демилгелеген Ош - Бишкек жолуна альтернатива болчу жолдун жалпы узундугу 433 чакырым болот. Ал Балыкчы жана Жалал-Абад шаарларын бириктирген Кочкор - Чаек – Көкөмерен - Казарман аркылуу өтөт.

Буга чейин жолдун курулушун каржылоого Кытайдын "Эксим" банкынан 400 миллион доллар насыя алынган. Курулушту үч фаза менен ишке ашыруу мерчемделүүдө.(TSh/BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG