Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:30

Беларус элчилигинин алдында нааразылык акциясы өтүүдө


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Бишкектеги Беларус элчилигинин жанында нааразылык акциясын өткөрүүдө. Ал колуна “Экстрадиция, экстрадиция жана да экстрадиция” деген плакат кармап, мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүнү талап кылууда.

Бакиевди кайтарып берүү талабы менен Өндүрүш Токтонасыров буга чейин да бир нече жолу элчиликтин жанында ар кандай акцияларды уюштурган.

2010-жылдын 7-апрелинде Ак үйдүн жанында сексенге чукул адамдын өлүмү үчүн соттолуп жаткандар тизмесинин башында Бакиев өзү, анын бир туугандары жана уулдары турат. Бирок ал өзүнө карата айыптоонун баарын негизсиз деп атап келатат. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG