Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Прокуратура: Сулайманов катышкан коррупциялык схема аныкталды


Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нурлан Сулайманов транспорт жана коммуникация министри болуп турганда өткөрүлгөн тендерлерди өзүнө жакын адамдардын компаниялары утушуна шарт түзгөнү аныкталган. Натыйжада Сулаймановдун жакындарынын ишканалары жол курулушуна керектүү жабдыктарды өтө кымбат баада саткан.

Буга чейин да Сулайманов 2007-2008-жылдары министр болуп турганда жол куруу техникасын жана материалдарды сатып алууда мыйзам бузуп, мамлекетке жалпысынан 41 миллион сом зыян келтирген деп айыпталган.

Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" оппозициялык фракциясынын депутаты Нурлан Сулайманов сессияларга катышпаганы үчүн быйыл 31-январда мандатынан ажыраган. Ал дарыланганы башка мамлекетке кеткени кабарланган. Башкы прокуратура өткөн айда Сулаймановго издөө жарыялаган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG