Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Путин Одессадагы трагедия үчүн Киевди айыптады


Одессада өрт чыккан жер, 2-май, 2014.
Одессада өрт чыккан жер, 2-май, 2014.
Орус президенти Владимир Путин 2-майда Одессада 30дан ашуун адамдын өлүмүнө алып келген трагедиянын артында расмий Киев турат деп, жакындарын жоготкондорго көңүл айтканын анын расмий өкүлү Дмитрий Песков кабарлады. Кечээ Украинанын түштүгүндөгү Одесса шаарында имараттагы өрттөн 30дан ашуун адам өлгөн. Айрым кабарларда имаратка Молотов коктейлдери ыргытылганы айтылды. Песков азыр Москва Украинадагы орус тилдүүлөргө “таасирин жоготкон” дейт.

Ал, мындан сырткары, “Батыштын колдоосу менен өткөрүлүп жаткан жазалоо операцияларына” кандай жооп кайтарууну Орусия билбей турганын кошумчалады. “Азыркыдай зомбулук күчөп турган чакта Украинада 25-майга белгиленген президенттик шайлоону өткөрүү “акылга сыйгыс” нерсе”, - деп айтты орус президентинин өкүлү.

XS
SM
MD
LG