Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Украинада ЕККУнун инспекторлору бошотулду


Украин аскерлери Славянскка кире бериштеги өткөрмө пунктун кайтарып турушат, 30-апрель, 2014.
Украин аскерлери Славянскка кире бериштеги өткөрмө пунктун кайтарып турушат, 30-апрель, 2014.
Өлкөнүн чыгышындагы Славянск шаарында орусиячыл топтор тарабынан 25-апрелден бери кармалып турган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жети инспектору жана алардын украиналык жардамчылары бошотулду. Орус президентинин атайын чабарманы Владимир Лукин бүгүнкү билдирүүсүндө: “Менин тизмемдеги 12 адамдын баары бошотулду”, - деди.

Ал арада Украинанын Ички иштер министрлиги азыр өкмөттүк аскерлер Краматорск шаарындагы коопсуздук күчтөрдүн баш-кеңсесине, аэропорт жана телемунарага көзөмөлдү кайтарышканын кабарлады. Анда айтылгандай, азыр украин аскерлери шаарчанын айланасындагы бардык өткөрмө бекеттерин көзөмөлдөп турушат. Бир аз мурдараак өлкөнүн ички иштер министри Арсен Аваков орусиячыл сепаратисттерге каршы аскерий операция бүгүн таң эртелеп кайра башталганын билдирген.

XS
SM
MD
LG