Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:54

AI: Москвада өзбек качкыны уурдалды


"Эл аралык мунапыс" уюмунун эн белгиси
"Эл аралык мунапыс" уюмунун эн белгиси
Адам укугун коргоочу эл аралык уюм Москвада көчөдө уурдалып кеткен өзбек качкынынын тагдырына тынчсызданып жатканын билдирди. Уюмдун 2-майда таркатылган кабарында, Бириккен улуттар уюмунан расмий түрдө качкын макамын алган Умид Якубов 29-апрелде интервью үчүн БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгына бараткан. Ал отурган машинени жолдо полиция токтотуп, күч менен аны башка машинеге отургузуп алып кетишкен. Аны кармап кеткен үч кишинин бирөө полициянын кийимин кийип алганы айтылат. Ошондон бери Якубов менен эч ким байланыша алган эмес.

Азыр “Эл аралык мунапыс” уюму Якубов күч менен Өзбекстанга жиберилген болушу да мүмкүн деп жатат. Умид Якубов өз өлкөсүндө “Хизб-ут-Тахрирдин” мүчөсү болушу мүмкүн деген шек менен бир нече ирет кармалып, суракка алынгандан кийин 2008-жылы Өзбекстандан чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG