Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Керри: Москва сепаратисттерди колдогонун токтотушу керек


АКШнын мамкатчысы Украинада ЕККУнун инспекторлору бошотулганын жылуу кабыл алганын айтты. Ошол эле маалда Москва Украинадагы кризисти жөнгөрүү ишинде дагы көбүрөөк аракет жумшашы керек деп билдирди. Ишембиде Африкада сапар менен жүргөн Керри орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефондо сүйлөшкөнүн, Орусия үчүн Украинанын чыгышындагы сепаратисттерге колдоону токтотуу башкы максат болушу керектигин айтканын кошумчалады.

ЛавровКерриге “АКШ Киевдеги жаңы режимге аскерий операцияларын токтотушу үчүн басым жасасын” деди. Керри Лавров менен Одессада 2-майда кеминде 42 адамдын өлүмүнө алып келген зомбулукту талкуулаганын, бул өңдүү зордукчул аракеттерди токтотуу үчүн колдон келгендин баарын жасаш керектигин сүйлөшкөнүн айтты.

XS
SM
MD
LG