Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Бүгүн Таллинде Кыргыз киносунун жумалыгы аяктайт


Эстониядагы кыргыз киносунун жумалыгынын программасы.
Эстониядагы кыргыз киносунун жумалыгынын программасы.
Анын жабылышында Эркин Салиевдин “Каныке Назик” жана Темир Бирназаровдун “Кумар” фильмдери көрсөтүлөрү айтылган. 30-апрелден бери “Кыргыз киносунун күндөрүнүн” программасынын алкагында Руслан Акундун “Салам, Нью-Йорк”, Элнура Осмоналиеванын “Мекенибиз Ала-Тоо”, Наргиза Маматкулованын “Зефир” тасмасы жана башка фильмдер көрсөтүлдү.

Бул жумалыкка Кыргызстандан "Кыргызфильмдин" директору Гүлмира Керимова менен белгилүү киносынчы Гүлбара Төлөмүшева барган. Киносынчы Төлөмүшованын “Азаттыкка” айтканына караганда, эки өлкөнүн киносу бири-биринде СССР кыйрагандан бери азыркыдай бир жумалык форматта көрсөтүлө элек болчу.

XS
SM
MD
LG