Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Чек арадагы кырдаал боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүсү болот


Баткендин Ак-Сай айылындагы окуяга байланыштуу эмки аптада кыргыз-тажик өкмөттүк топторунун ортосунда сүйлөшүү болоорун "Азаттыкка" бүгүн кыргыз өкмөтүнөн кабарлашты. Тажикстанда өтчү бул сүйлөшүүгө Кыргызстандан вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган топ катышат.

Өткөн түндөн тарта Ак-Сай айылынын тургундары Ворух анклавын Тажикстандын негизги аймагы менен байланыштырган жолду бууп турат. Ага ворухтуктар кошуна кыргыз айылдарындагы элдин жайлоого мал айдап чыгышына тоскоол болушу себеп болгон. Жол тоскондор жайытка жол ачууну жана Ворух анклавын аралабай өтө турган Ак-Сай - Тамдык жолун тезинен бүтүрүүнү талап кылышууда.

Жума күнү чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров май айынын башына белгиленген кыргыз-тажик сүйлөшүүсү 10-майдан кийинки мөөнөткө которулганын билдирген болчу. Анда вице-премьер-министрлер деңгээлиндеги жолугушууда Ак-Сай – Тамдык - Көк-Таш жолун куруу маселеси талкууланмак болгон.

Кыргыз өкмөтү тажик тараптын нааразылыгына карабай бул жолду куруп бүткөрөөрүн билдирип келет.

Буга чейинки бир нече жолугушуулар натыйжасыз аяктаган. Алардын акыркылары 6-апрелде Баткен шаарында жана 15-апрелде Хожент шаарында өткөн. (SA)

XS
SM
MD
LG