Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Ак-Сайда жолду ачууга аксакалдар арачы түштү


Баткендин Ак-Сай айылында жолду бууп тургандар менен айыл аксакалдары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Облустук бийлик өкүлдөрүнүн аракеттеринен азырынча майнап чыга элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчиев билдирди.

Ворух анклавын Тажикстандын негизги аймагы менен байланыштырган жол 4-майга караган түнү кыргызстандыктар тарабынан тосулган. Ага 3-майдын кечинде Улар жайлоосуна мал айдап бараткан аксайлыктарды тажик жарандары өткөрбөй коюшу себеп болгон. Жаңжал чыгып, чек арага эки тараптан тең эл чогулган. Күч органдарынан билдиришкендей, кыргыз жарандарына таандык эки унаа талкаланган. Тажикстандыктар да Лейлекке кетчү жолду бууп, кайра ачкан.

Ак-Сайга кетчү жол Тажикстандын Кожалы айылын аралап өтөт. Жаңжалдардан улам Көк-Таш - Ак-Сай жолу өткөн жылдын соңунда курула башталган. Тажик тарап буга каршы чыгып, 11-январда чек арачылар ортосунда ок атышуу да болгон.

Эми эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү чек арадагы кырдаал боюнча келерки жумада Тажикстанда жолугат. (SE\JsA)

XS
SM
MD
LG